Бишкекте футбол боюнча Топ-лиганын алкагында кезектеги оюн өтөт

Бүгүн, 3-октябрь күнү футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугу Топ-лиганын алкагында кезектеги оюн өтөт. Анда 5-8-орундар үчүн ат салышып жаткан командалар “Ала-Тоо” (Нарын) менен “Ысык-Көл” (Каракол) командалары беттешет. Учурдагы командалардын жагдайы, “Ала-Тоо” 16 оюнда 24 упай топтоп 6-орунда болсо, “Ысык-Көл” 17 оюнда 7 упай топтоп 7-орунда келе жатат. Беттеш саат 16:00дө “Дордой” стадионунда өтөт. Эске салсак, быйыл Кыргызстандын чемпиондугуна ат салышып жаткан 8 команда Топ-лиганын биринчи айлампасынан кийин эки топко бөлүнгөн. Анда “Дордой” (Бишкек), “Абдыш-Ата” (Кант), “Алай” (Ош), “Алга” (Бишкек) командалары 1-ден 4-орунга чейин ат салышса, калган “Ысык-Көл” (Каракол), “Ала-Тоо” (Нарын), “Нефтчи” (Кочкор-Ата), “Манас” (Бишкек) командалары 5-8-орундар үчүн ойношот.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан