Өзбек жараны энергетикалык суусундукту мыйзамсыз ташып бара жаткан жеринен кармалды

Кыргыз-Өзбек чек арасы аркылуу аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан жүк кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, жүк Кыргыз өлкөсүнөн коңшу өлкөгө ташылып бара жаткан.

"26-декабрда "Кызыл-Кыя" көзөмөл өткөрмө пунктунан чек арачылар Өзбек жаранынын башкаруусундагы МAN унаасын текшерүүгө алышкан. Кароо учурунда жүк ташуучу унаанын техникалык абалы документте көрсөтүлгөн маалыматка шайкеш келген эмес. Мындан улам унаага тыкыр кароо жүргүзүлүп, уруксат кагазы жок ташылып бара жаткан 14 миң 600 даана "Red Bull" энергетикалык суусундугу алынган.

Сурак учурунда айдоочу жүк кимге таандык экенин айта алган эмес", - дешти мекемеден.

Керектүү документтер топтолгондон кийин коңшу өлкөнүн жараны менен жүктөр тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nazira...
2020-12-26 20:15:52
Туугандар наиазды окушат да бул энергетиктен бассып ичишет экен. Тан калгам көргөндө, мешок мешогу менен жыйнаганбыз бошогон идиштерин. Айтсан халял деген жазуусун көрсөтүп коюшкан. Болот экен ичсе, зыяны таптакыр жок имиш.
+2
talant87
2020-12-27 01:18:16
Бизде кымыз бозо калаганын ичет нак зыяны жок
0
Taalai-bek
2020-12-27 02:20:41
Негизи бизде баардык нерсе уурдалат чет жака. Таң калбай эле койгула.
+3
Asmat84
2020-12-27 09:21:55
Бул суусундуктардын бир эле даанасы 100 сомдун тегерегинде турат. Бул жерде 1 камаз оууу бир топ эле акча болсо керек
Мен өзүм жүк ташуучу машина менен алыска каттайм Орусиядан фуралар менен бир эле күндө жүздөгөн уй жандыктар келип атат мен аны көрүп сүйүндүм эле, " аа бизге жакшы породагы уйлар келип атат деп..." Көрсө ал жандыктар бизде калбай эле өзбекстанга өтүп кетет экен биз аркылуу.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан