Бишкекте эки кабаттуу имараттан өрт чыгып, эки адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, гараж куруу кооперативинин экинчи кабатында жайгашкан кароолчунун бөлмөсү, андагы эмеректер күйгөн. Өрт болгон жерде эки эркек адамдын жансыз денелери табылып, аты-жөнү такталууда. Өрттүн келип чыгуу себебин тактоо иштери жүргүзүлүп жатканын айтышат мекемеден.