Бишкекте 25 жаштагы Индиянын жараны баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, тинтүү учурунда андан 6,3 грамм марихуана табылган.
"22-декабрь күнү милиция кызматкерлерине көп кабаттуу үйдүн короолорунун биринде 20-25тер чамасындагы белгисиз адам баңгизат колдонуп, өзүн туура эмес алып жүргөнү тууралуу билдирүү келип түшкөн. Тергөө ыкчам тобу аталган жерге барып, шектүү катары 25 жаштагы Индиянын жаранын кармашкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери улантылууда.