25-декабрь күнү Бишкек шаарындагы спорт комплекстеринин биринде модель Аскат Осмонов менен дене тарбия мугалими Бакыт Макеевдин беттеши болуп өттү.
Бул эки кыргыз жигитинин беттешинде калыстар бирдей чечим менен жеңишти Бакыт Макеевге ыйгарды. Беттештен кийин жеңүүчү Бакыт Макеев бул беттешке көп деле даярданбаганын айтты.
"Мен көп деле машыгып даярдана алган жокмун. Өзүмдүн бүгүнкү беттешиме канааттандым деп айта албайм. Биз шоу жараттык. Аскат мен сени сыйлайм, бүгүн сени колдоп келгендердин саны көбүрөөк болду, сен ушуга татыктуусуң", - деди Макеев.