Кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев Эл аралык бокс федерациясынын жаңы рейтингинде 7-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Эл аралык бокс федерациясы билдирет. Буга чейинки рейтингде Азат Үсөналиев 8-орунда болчу. Эске салсак, 8-июлда Иорданиянын Амман шаарында бокс боюнча Азия чемпиондугунда Эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет Азат Үсөналиев (52 килограмм салмакта) чемпион аталган. Андан тышкары ушул эле мелдеште Өмүрбек Малабеков (56 килограмм салмакта), Эрмек Сакенов (64) жана Сергей Паренко (91) коло медаль тагынган болчу. Ал эми жаңы рейтингге кирген кыргызстандык мушкерлер төмөндө:
52 килограмм салмакта Азат Үсөналиев 7-орун
56 килограмм салмакта Өмүрбек Малабеков 11-орун
64 килограмм салмакта Эрмек Сакенов 16-орун
91 килограмм салмакта Сергей Паренко 19-орун.