"Тамашоу" лигасынын негиздөөчүсү, шоумен, алып баруучу Эрмек Нурбаев 27-декабрда АКШнын Чикаго шаарында кыргыздардын башын бириктирген интеллектуалдык оюн өткөрдү. Оюнга жалпысынан 15 команда катышып, мыктылары жеңишке жетишкен.
Иш-чарада Америкада эмгектенип, бирок өз тармактарында ийгилик жаратып жүргөн ырчы, спортчу, алып баруучулар жыл мыктысы наамдары менен сыйланышты.
Алардын арасында ырчы мырза Эрлан Андашев дагы бар. Ал "Американын эң мыкты ырчы мырзасы" наамын жеңип алды. Мындай кубанычын ырчы өзүнүн инстаграм баракчасына бөлүшкөн.
"Учурдан пайдаланып Эрмек Нурбаев сага рахмат. Ар бир штатта жашап жаткан мекендештерибиздин башын бириктирип, биринчи жолу ушундай жогорку деңгээлдеги оюнду уюштурганыңа терен ыраазычылык билдиребиз", - деп жазды Андашев.