Ырчы, "Жылаңач баатыр" долбоорунун катышуучусу Назэль сүйүктүүсүн тапты. Жакында аны менен дуэт аткарып чыгууну пландап жатканын айткан ырчы буларга токтолду.
"Сүйүктүүм экөөбүздү чыгармачылык табыштырды. Сүйлөшкөнүбүзгө бир айдай болду, бирок ал адам менен көптөн бери эле мамиле куруп жүргөндөймүн. Ушундай сезимдер да болот экен.
Эң башкысы ал менин чыгармачылыгымды сыйлайт жана колдойт. Жакында экөөбүз орус тилинде дуэт аткарып чыгышыбыз күтүлүүдө.
Ал эми тойдун күнү белгилене элек. Бизге 21.12.21 деген дата жагып жатат", - дейт ырчы