Токтогулда бирөөнү далыга сайып, бирөөнү бутка аткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Милиция издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 3-сентябрь күнү саат 22:30 чамасында Токтогул районунун 1998-жылы туулган тургунуна өзүнөн бир жаш улуу жаран учтуу буюм менен бир жолу сайып качып кеткен. Ошондой эле шектүү дагы бир райондун 1998-жылы туулган тургунун оң жак бутуна атып, денесине жаракат келтирген. Бул окуялар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал эми шектүүгө издөө жарыяланган.

Ошондой эле Токтогул районунун тургуну Бишкек шаарына баңгизатын ташып жүрөт деген маалымат кызматкерлерге келип түшкөн. Ыкчам иликтөө иштеринде Токтогул районунун 1987-жылы туулган тургуну Э.Ж. башкарып бара жаткан Хонда-Степ үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны текшерүүдө айдоочудан гашиш баңгизатына окшошкон зат алынган. Ал баңгизат жогорудагы кылмыш иштерге шектелип жаткан шектүүгө таандык экени такталган. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында издөөдө жүргөн Токтогул районунун тургуну, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, 1997-жылы туулган Б.К. Бишкек шаарынан кармалган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан