
Ишенип берилген мүлктү менчиктеп максатсыз колдонгон деп шектелип Бишкектин экс вице-мэри
Мирлан Амантуров кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал шаар жетекчисинин турак жай-коммуналдык чарбасы боюнча орун басары болгон.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө "Бишкекасфальтсервис" ишканасында жана Бишкек мэриясында болгон коррупциялык схемалар аныкталды. Иликтөө маалында 2015-2019-жылдар аралыгында А.М.К. колдогон компанияларга 100 миллион сомдук муниципалдык заказдар берилгени белгилүү болгон. Бирок жумуштар толук көлөмдө аткарылган эмес. Шектүү 29-декабрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат билдирүүдө.
Учурда Бишкек шаардык мэриясынын каржылоо жана анын пайдаланылышын көзөмөлдөө боюнча жооптуу башка кызмат адамдары, ошондой эле ушул коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар иликтенүүдө.