Баткен облусунун Лейлек районунда ок атуучу куралды сактап жүргөн шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Лейлек РИИБинин ыкчам кызматкерлери тарабынан Жаза аткаруу мекемесинен жазасын өтөп, боштондукка чыгышкан жарандар тарабынан кылмыш жасалуусу мүмкүн экендиги боюнча маалымат келип түшкөн. Маалыматты тактоодо жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында иликтөө иши жүргөн. Натыйжада 26-ноябрь күнү түнкү саат 01:20 чамасында Лейлектеги чек ара постунда Мерседес-Бенц унаасын токтотуп, анын ичинен Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2 айылынын 44 жаштагы Ш.Д. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун 27 жаштагы О.А. жана Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 26 жаштагы И.Ж. аттуу тургундары шектелип кармалган.
"Жүргүзүлгөн иликтөө ишинин жыйынтыгында шектүүлөр тарабынан жашырылган 1 даана травматикалык үлгүсүндөгү тапанча жана 16 калибрдеги курал таап алынды. Алынган куралдарга экспертиза дайындалып, натыйжада курал ок атууга даярдалгандыгы аныкталды. Бул факты Лейлек РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - деп жазылат маалыматта.