"Factcheck" сайтынын редакторунун ур-токмокко алынышы. Сот өкүм чыгарды

Бүгүн, 30-декабрда "Factcheck" сайтынын редактору Болот Темировдун белгисиз адамдар тарабынан ур-токмокко алынышы боюнча Биринчи Май райондук соту өкүм чыгарды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 30-декабрындагы өкүмүнө ылайык, айыпталуучулар А.О. , А.Б. ,Э.Ж. жана Д.Б. күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айып пул салуу менен 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылышты.

Ошондой эле айыпталуучулар буга чейин колдонулуп келген мунапыстын негизинде белгиленген жазадан бошотулушкан", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми жабырлануучу Болот Темиров соттолуучуларга карата тосмо арыз жазып бергенин, койгон талаптарынан баш тартканын билдирди.

Эске салсак, буга чейин 9-январда белгисиз адамдар журналист Болот Темировду ур-токмокко алып, күч колдонуу менен уюлдук телефонун тартып алышып, из жашырып качып кеткендиги маалымдалган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, окуяны ИИМ өз көзөмөлүнө алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
oopapa
2020-12-30 16:18:47
Манкурт боло баштадык. Аттин!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан