Башкы прокуратура мамлекетке 139 миллион 798 миң 726 сомдук зыян келтирилген фактыны аныктады

Башкы прокуратура «Манас Менеджмент Компани» жабык акционердик коомунун жооптуу адамдары тарабынан чет элдик компанияга эл аралык каттамдар аркылуу жүк ташуу үчүн атайын түзүлгөн туруктуу схема менен мыйзамсыз жеңилдиктер берилгендигин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда «Манас Менеджмент Компани» ЖАКнын жооптуу адамдары эл аралык каттамдары боюнча учкан учактардын жүктөрүн тейлөө үчүн көрсөтүлгөн чет өлкөлүк компанияга 1 тонна жүккө 60 миң доллар өлчөмүндөгү жеңилдетилген тариф белгиленген. Ал эми ушул сыяктуу тейлөө кызматтарын көрсөтүшкөн башка компаниялар үчүн 1 тонна жүккө 95 евро өлчөмүндөгү тариф каралган.

Натыйжада, 2018-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 1-ноябрына чейинки аралыкта чет элдик компанияга мыйзамсыз жеңилдиктер берилгендигинин кесепетинен улам, «Манас» Эл аралык аэропорту ААКнын пайдасына 139 миллион 598 миң 681 сом өлчөмүндөгү тийиштүү төлөмдөр алынган эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен «Манас» Эл аралык аэропорту жана «Манас Менеджмент Компани» ЖАКнын жооптуу адамдарынын аракеттеринде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери болгондуктан, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zam81
2020-12-30 20:51:32
Иштесе болот экенда буйруса корупция жок олкого айланалычы элге убал болду тентип кетикко
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан