Эстрада ырчысы Неля Жаңы жыл алдында апасын эскерди. Анда ал дагы деле ишенбей жатканын, апасы алыс жактарда жүргөндөй эле сезилип жатканын айтып, Инстаграмдагы баракчасына билдирүү калтырды.
"Жашоомду жарык кылып, кубанычымды, бакытымды тең бөлүшүп жүргөн апам бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Бирок мен дагы деле ишенбей, апам алыс жакта жүргөндөй эле сезилип жатат. Күтө берем, кусалыктын аягы жок...
Бош убактым болсо эле апама чалып,сүйлөшүп калчу элем эми сүйлөшө турган адамым да жок.
Тилекке каршы, апамды караган дарыгерлер жоопкерчиликсиз мамиле жасап, көп нерсени өз убагында аткарган жок (айта берсем сөз көп)! Алардын канчалык күнөөсү болсо бардыгын Кудайга койдум!
Билем, бардыгыбыздын барар жерибиз бир, сабырдуу, кайраттуу болушум керек, бирок пендемин, апамды жоктоп кайгырбай, ыйлабай коё албайт экенсиң.
Жаркылдаган, ак көңүл апамдын ордун эч ким, эч качан алмаштыра албайт экен. Боорукерликтин, камкордуктун, назиктиктин, жылуулуктун булагы болгон, мага ар дайым акыл айтып, түрткү берген, туура багыттаган сиз элеңиз. Менин ар бир ийгилигиме чын жүрөгүңүз менен сүйүнүп, атамдын жоктугун билдирбей, эч нерседен кем кылбай ушул даражага жеткирип, мага мотивация берип, жанымда жүрчү элеңиз.
Апам аябай күчтүү, кайраттуу айым эле, андыктан апамдын жолун жолдоп, белимди бекем бууп, Жаратканым берген өмүрүн бактылуу сүргөнгө аракет жасайм.
Эгерде ата-энеңер тирүү болсо, анда сиз эң бактылуу адамсыз, аларды кадырлап-сыйлап, кызматын кылып, ыраазычылыгын алганга аракет кылыңыздар.
Эми айла жок, Алланын буйругуна каршы чыга албайбыз. Жашоо улана берет экен!
Буюруса, жыл жаңырса, бардык жамандыктар артта калып, алдыда жакшы өзгөрүүлөр болчудай сезилет, кыйынчылыктар менен кайгы-капалар 2020-жыл менен калсын, алдыда тагдырдын жагымдуу күндөрү гана күтүп турарына, жамандыктын аркасынан жакшылык келээринен үмүт кылам", - деп айтылат ырчынын билдирүүсүндө.
Неля айымдын апасы узап бараткан жылдын 15-ноябрында пневмониядан улам дүйнө салган.