Кечээ, 30-декабрда Бишкектеги батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Октябрь районунда 30-декабрь күнү саат 14:50дө куткаруучулар 5-кичи райондо жайгашкан үйлөрдүн бириндеги батирдин жабылып калган эшигин ачышкан. Анда батирдин ичинен 80 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган", - деп жазылат маалыматта.
Маркумдун жансыз денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.