Бишкекте тойканада мушташа кеткендердин чыры ок атышуу менен аяктады

Бишкектеги тойканалардын биринде мушташа кеткендер бири-бирине ок чыгарып, 4 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 30-декабрда саат болжол менен 00:58 чамасында Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкектеги ооруканага төрт эркек киши келип түшкөнү маалымдалган. Анда алардын үчөө октон жаракат алып, бирөөсү бычактан жаракат алганы айтылган.

"Тергөө тобу айтылган дарекке барганда болжол менен саат 21:00 чамасында 52 жаштагы А.А. аттуу жаран менен 50 жаштагы И.Э.нин ортосунда Бишкектеги тойканалардын биринде пикир келишпестик болуп, мушташа кетишкени белгилүү болгон. Аларды жанында жүргөн туугандары ажыратып үлгүрүшкөн.

Бир нече сааттан кийин 50 жаштагы И.Э. өзүнүн достору менен тойканада мушташа кеткен адамдын үйүнө келип, үйдүн дарбазасын талкалап кирип 52 жаштагы А.А.га жана анын 27 жаштагы уулун сабап, денесине залал келтирген. Андан кийин ок атуучу куралдан бир нече жолу ок чыгарган. Жаңжалдын кесепетинен төрт адам ооруканага жеткирилген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене "бейбаштык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 50 жаштагы И.Э кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Милиция кызматкерлери кылмыш болгон жерди текшерүү учурунда патрондору бар 12 калибрлүү ок атуучу куралды табышты", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки процесстер уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Chungyz
2020-12-31 12:49:37
Той деген ушундай болуш керек ой азаматтар эми жаткыла эс алып
+2
zam81
2020-12-31 13:22:02
Курал берууну мызамдаштырабыз деп жатат беле элге таратканга ар бир той атышуу менен аяктап калат экенда 13й район)
0
Mister-XXX
2020-12-31 17:58:05
50 жаштагы адамдар токтолуп калган эле экен го.Копкондор го...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан