Кѳбүрѳѳк камтуу, жогорку ылдамдык: О! 160тан ашуун калктуу пунктта 4G LTE-түйүнүн жакшыртты

О! Мобилдик оператору жана техникалык командасы мобилдик түйүндүн курулушу кошулуп, бул жеӊил эмес жылды кезектеги масштабдуу иштер менен бүтүрүп жатат.

«Эч нерсеге карабастан биз түйүнүбүздү курууну жана ѳркүндѳтүүнү уланттык» дейт О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

«Бир жылдын ичинде 4G LTE түйүнүнүн сыйымдуулугу дээрлик бир жарым эсеге кѳбѳйдү. Натыйжада абоненттерибиздин аралыктан иштеп-окуусун кошкондо, жүктѳмдүн жана трафиктин колдонулушунун эӊ жогорку чегине туруштук бере алдык. Бүгүнкү күндѳ О! Мобилдик оператору ѳлкѳ калкынын 98%ын камтуу технологиясынын кѳрсѳткүчүнѳ ээ болуу менен бүтүндѳй Кыргызстанда 4G LTE камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча лидер бойдон калууда».

Ѳлкѳнүн бардык областтарында, 160тан ашуун калктуу пунктунда камтуу кѳбѳйүп, 4G LTE түйүнүнүн сыйымдуулугу жогорулады:

  • Чүй областы: Бишкек, Кант, Кара-Балта шаарларында, Пригородное, Беш-Ѳрүк, Крупское, Кыз-Моло, Вознесеновка, Кашка-Суу, Достук, Чым-Коргон, Жаӊы-Алыш, Кызыл-Арык, Сын-Таш, Юрьевка, Военно-Антоновка, Ленин, Талды-Булак, Кара-Ой, Ленинское, Сосновка, Чым-Коргон, Ак-Торпок, Чоӊ-Арык, Тельман, Буденовка, Кой-Таш, Кара-Жыгач айылдарында;
  • Ысык-Кѳл областы: «Марко-Поло» эс алуу борбору менен «Каракол» тоо-лыжа базасынын аймагында, Ѳрнѳк, Чок-Тал, Бактуу-Долоноту, Ак-Дѳбѳ, Подгорное, Чырпыкты, Сары-Ой айылдарында;
  • Нарын областы: Нарын шаарында жана Кѳк-Жар, Ятан, Ѳсѳр, Жаӊы-Арык, Эчки-Башы, Кызыл-Жылдыз, Жаӊы-Арык, Баш-Кууганды, Ак-Татыр, Чаек, Орток, Кара-Мойнок, Кара-Күӊгѳй, Шамшы, Большевик, Эпкин, Эчки-Башы, Ат-Башы айылдарында;
  • Талас областы: Первомайское, Түйтѳ, Ынтымак, Жоон-Дѳбѳ, Сулуу-Маймак, Бакыян, Тамчы-Булак, Майское, Новодонецкое, Кеӊеш, Кѳк-Дѳбѳ, Чеч-Дѳбѳ, Арал айылдарында;
  • Жалал-Абад областы: Жалал-Абад жана Кѳк-Жаӊгак шаарларында, Кызыл-Жар штк., Кызыл-Туу, Топ-Жаӊгак, Кой-Таш, Жаӊы-Жол, Жерге-Тал, Авлетим, Коргон, Байкашка-Терек, Аркит, Кашка-Суу, Ак-Суу, Ак-Сай, Сыны, Кара-Ой, Боспиек, Ак-Коргон, Кашкалак, Баймак, Айры-Там, Жаӊы-Шаар, Ажек, Ѳрүктү, Чолок-Тумак, Сайдыкум, Дѳш, Хажир-Абад, Турпак-Коргон, Кыргыз-Гава, Первое Мая, Кызыл-Октябрь, Шыдыр, Коктонду/Правда, Үч-Булак, Шамалды-Сай, Момбеков, Коминтерн, Жаӊы-Арык, Алма, Эски-Массы, Достук, Кызыл-Туу, Бек-Абад, Жийде, Жетиген, Ничке-Сай, Кызыл-Ѳзгѳрүш, Камыш-Башы, Кош-Таш, Ан-Арык, Саргата, Кызыл-Ураан, Комсомол (Кара-Тектир), Мазар-Суу, Жар-Таш, Бууракан айылдарында;
  • Ош областы: Ош жана Араван шаарларында, «Иркештам» ѳткѳрүү пунктунда, Нура, Тынчтык, Фархад, Курбан-Кара, Большевик, Калинин, Кызыл-Мехнат, Арбын, Найман, Сарыканды, Алашан, Кожо-Арык, Акчал, Куу-Майдан, Кожоке, Кара-Кокту, Ынтымак, Куршаб, Жаӊы-Айыл, Токтогул, Ничке-Сай, Ынтымак, Гайрат, Чимбай айылдарында;
  • Баткен областы: Исфана шаарында, Жийделик, Чечме, Бел, Чаувай, Голбо, Ормош, Сур, Пум, Майдан, Чакмак, Жеӊиш, Алга айылдарында.

О! түйүнүнүн камтуу картасы жана О! түйүнүнүн өнүгүүсү тууралуу үзгүлтүксүз жаңылыктар www.o.kg сайтында жеткиликтүү. Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарында жекече билдирүүлѳр аркылуу байланышууга болот. Социалдык медиалардан тышкары, О! абоненттерине күнү-түнү колдоо кѳрсѳтүү WhatsApp тиркемесинде: + 996 705 700 700 номеринен, Telegram тиркемесинде: @Nurtelecom_bot жана www.o.kg сайтында онлайн-чаттан жеткиликтүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан