Чыгармачылыктан алыстай түшкөн актриса жана ырчы Алиша Диа Жаңы жыл алдында "Адам милдети" аталышындагы чыгармасына клип тарттырып, күйөрмандарына тартуулады. Клипти тартуу кыйынчылык жаратканын, ага жарым жылдай убакыт сарпталганын айткан ырчы буларга токтолду.
"Бул чыгармага клип тартуу иши жарым жыл мурда башталган. Клиптин видеолору жоголуп кетип, бир эмес эки жолу тарттырдык. Ошентип кайра-кайра тартып жатып бүтүрдүк. Бул клипти тартуу кыйын болду.
Мындан ары жаңы чыгармаларды жаздырып, клип тарттырууга аракет кылам. Буюрса, алдыда дуэт аткарып чыгуу планым бар. Азырынча ким менен дуэт аткарарымды айтпай турайын", - деди ал.
Ошондой эле Алиша айым буга чейин ишкерлик менен алектенип келгенин, мындан улам чыгармачылыкка убактысы тар болгонун айтты.
Алиша Диа "Уурунун махабаты", "Гаишниктер", "Сүйө бил", "Шаардык келин Шарапат 1-2" жана казактардын "Жаным" сериалында роль жаратып, "Импульс" тобунда ырдап жүргөн.