УКМК Ошто теракт жасоону пландаганга шектүү жаранды кармады

31-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз өлкөсүнүн аймагында пландалган терактынын алдын алды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, иш-чара коңшу мамлекеттердин биринин атайын кызматтары менен биргеликте жүргүзгөн иштин натыйжасында болгон жана окуяга байланыштуу Ош облусунун аймагында Кыргыз жараны кармалган.

"Кармалган адам эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болгон. Башчысынын көрсөтмөсү менен облустун аймагында аскердик бөлүктөрдүн биринде террордук акт жасоо үчүн колго жасалган жарылуучу зат даярдамак экен", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган адамдын жашаган жерине жүргүзүлгөн тинтүү учурунда камуфляж формасынын комплектиси, жилет, аскердик бут кийим, дүрбү, бүктөлүүчү бычак жана чет тилдеги баракчалар табылган.

Ал УКМКнын Башкы башкармалыгынын Ош шаардык жана облустук тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иши жүрүүдө.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
nazira...
2021-01-02 13:12:48
Кайсы жерди жардырмак экен тооба.
0
patriot.kg94
2021-01-02 16:02:44
nazira..., Барып сурап кор да
-4
bond02
2021-01-02 14:15:17
Охоо УКМК жер тыншаар Маамыт болуп кеткен го, жардыруучу зат даярдап жаткан жеринен кармаса.
-5
EddieNigma
2021-01-02 15:07:35
Мыктыбек Арстанбекти шайлагыла, жардырууга лицензия алгыңар келсе.
-5
Infiniti075
2021-01-02 20:08:04
EddieNigma,ошондо сен. Мыктыбек Арстанбекти террорист дединда е??
+3
narynbek2001
2021-01-02 16:05:41
Арабтардын ар кайсы диний догмаларын, акырет жонундо, сурак жонундо молдолордун болоор болбос жомокторун, давватын уккандан коро, Айтматов сыяктуу уулу инсандардын китептерин коп окуш керек. Дуйнолук илимпоздордун китептерин окуп коз карашты, дуйно таанымды кенейтуу керек.
-6
Infiniti075
2021-01-02 20:14:20
narynbek2001,дуйноолук окумуштуулар акылмандар дунуйонун баардык китептерин окуп буткон сон ислам динин туура таза дин деп таанышып жатканын мойунга алгылада
+3
Mister-XXX
2021-01-02 23:50:37
Infiniti075,Нерв кетирбе буларга,өзун акылдуу сезип алган го...Даже орустар,европалыктар да динди карманат.Булар дин дегенди укканда жини келет.Мен мисалы шайтан адамдын арасында кошо көрүнбөй,аралашып жүргөнүн далилдеп бере алам.
0
Esenali
2021-01-02 17:39:13
жогоруда өлбөй түбөлүк жашай тургандай жазыпсыңарго, алла өзү кечирсин силерди бизди ыймандан алыстата көрбө
+6
Asmat84
2021-01-02 18:02:37
Esenali, туура айтасың мусулман өлкөсү болуп туруп ушуга окшогон тенирчилердин көбөйүп баратышы жүрөк кейитет
+2
Kombi
2021-01-02 19:48:19
Военныйларга аскер кучка тузумдоруно жардыруу жасайн деген экен
0
Kombi
2021-01-02 19:49:26
Аскер куч тузумдоруно (военный)
0
Infiniti075
2021-01-02 20:17:33
Кана кимин айта аласын Исламда жай тургундарды жардыр олтур деген соз бар деп?! Мындай экстремистер силерге окшогон думбул карангы атеистерден чыгат! 100%
+4
zhaynak
2021-01-03 01:33:23
Ташиев азаамат
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан