Жаңы жылдын алгачкы күндөрү ырчы айым Анжелика күйөрмандары менен жаңылыгын бөлүштү. Тагыраагы, Дубайда эс алып жүргөн ырчы кучак толо гүл кармап, шакек тагынган сүрөттөрүн Инстаграмдагы баракчасына жүктөдү.
Сторис функциясына бул абал ал үчүн күтүүсүз болгонун, колун жууп келгенде столго гүлдөр жайнап, тарелкага шакек жашырылганын жазды. Ал эми баракчасына жүктөгөн сүрөтүнө: "Бакыт тынчтыкты сүйөт десем, бизге бакыт тилеп коюшса ашыкчалык кылбайт деди түгөйүм" деген билдирүү жазган.
SUPER.KG порталы ырчы айым менен WhatsApp мессенджери аркылуу байланышканда: "Сүрөттөрдү ресторандагы тейлөөчүлөр тартты, жаңы эле видео дагы жөнөтүштү" деп ал учурдан тартылган видео менен бөлүштү.