Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Расул Маматкуловдун экинчи кызы Аяна Расул кызы ырчылыкка аттанды. Бул тууралуу ырчы Айгерим Расул кызы социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып, бир тууганына ак жол каалаган.
"Эжени көрүп сиңди өсөт" демекчи Аяна Расул кызы чыгармачылык жолго аттанды. Бүгүн коомдук биринчи каналдын эфиринен биздин дуэтке күбө болосуздар. Ак жол, сиңдим", - деп жазды Расул кызы.