Кызыл-Кыяда эркек кишинин жансыз денеси табылды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарында 3-январь күнү саат 15:49да Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №62 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Маяковский көчөсүндө жайгашкан №12 үйүнүн батиринин бекилип калган каалгасын ачышып, бөлмөнүн ичинен 1962-жылы туулган эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Окуяга тиешелүү иликтөө иштери башталганы жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kanybek1986
2021-01-04 10:51:33
Бир ай болуптурго же 3-янарбы
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан