Токтогулда эки унаа сүзүшүп, 5 киши жабыркады

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда эки унаа сүзүшүп, 5 киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-январь күнү саат 21:45 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 240-чакырымында Тел-Кайын тилкеси Honda Accord жана Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаалардын кагылышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 5 эркек киши жабыркаган. Жерине ӨКМнын куткаруучулары жеткенге чейин жабыркаган жарандарды жолдо өтүп бара жаткан унаалар аркылуу Токтогул райондук ооруканасына жеткиришкен.

Абалдары туруктуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан