4 тонна мандаринди аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган Тажик жарандары кармалды

Чек арадан аткезчилик жол менен 4 тонна мандаринди алып өтүүгө аракет кылган Тажик жарандары кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 3-январда мамлекеттик чек ара аркылуу контрабандалык жүк алып өтүү аракетине бөгөт коюлду.

"Чек арачылар Худжант-Канибадам автотрассасына жакын жерден Кыргыз Республикасынын аймагында чет элдик номер менен жүргөн Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү автоунаасын аныкташкан. Анда айдоочу менен жүргүнчү чек арачылардын талабын аткаруудан баш тартышып, каршылык көрсөтүшүп, Тажикистандын аймагына качып кирүү аракетин көрүшкөн.

Чек арачылар аларды кармашып, 1986-жылы туулган Ш.Д., жана 1990-жылы туулган Ч.Ш. аттуу Тажик жарандары экендиги аныкташты. Унааны текшерүү учурунда эч кандай уруксат кагаздары жок 4 тонна мандаринди аныкташкан. Контрабандалык жүктүн болжолдуу баасы 300 миң сомдун тегерегин түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан кийин кармалган жарандар жана контрабандалык жүк териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rakyl12
2021-01-04 11:32:14
Уят уят уууяяят, ошончо фураларды камаздар турат ошону кармабайт 300мин сомдук товардан ал бечарага канча калмак, доля бербей койгонго.
+2
SHMIT
2021-01-04 16:15:06
Мандарин 1кундо миндегени киретго для бербей койгону кармалып интернетке чыгып кетет экен да
+2
Asmat84
2021-01-04 18:21:49
Урматтуу УКМК Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймакты каттуу көзөмөлдөөгө чакырат элем күнүнө канчалаган фуралар кирип чыгып атат күнүнө канчалаган бензовоздор аткезчилик жол менен Тажикстанга күйүүчү майды ташып атышат. Деги эле ошол нерселерди тыя албай койдуңар го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан