Бүгүн, 4-январда Кыргызстан профсоюздар федерациясында мушташ болуп, 5 адам сабалды. Мындай маалыматты аталган федерациянын басма сөз кызматынан тастыкташты.
Бирок толук маалыматты кийинчерээк берилерин билдиришти.
Ал эми буга чейин айрым жергиликтүү басылмалардын жазган маалыматына ылайык, топтошкон жигиттер менен аялдардын жоон тобу кызматкерлерге кол салышкан. Сабалгандардын катарында Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жаңы шайланган төрагасы Сагын Бозгунбаевдин да бар экени айтылат.
"25-декабрда аталган федерациянын мурунку төрагасы Мирбек Асанакунов "Ала-Тоо" ресторанына 400 адамды атайын өкүлдөр деп чогулткан. Бирок акыры ал, алар профсоюздун катардагы мүчөлөрү экендигин моюнга алган. Негизи ал жерге атайын өкүлдөр барып төраганы шайлашы керек болчу. Ошол күндөн баштап Мирбек Асанакунов имаратты ээлеп, аялдардын тобу менен биргеликте ишке тоскоол болуп жатканы айтылат.
Буга чейин 25-декабрда маалымат жыйында Сагынбек Бозгунбаев жаңы башчы болуп келгени жарыяланган. Экинчи тарап кезексиз курултайда 400 өкүл Мирбек Асанакуновду Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы кылып шайлады деген жообун беришкен", - деп жазылат маалыматтарда.
Аталган мушташтын түз алып көрсөткөн видеосу социалдык тармактарга жарыяланып, анда Сагын Бозгунбаев "Мен бүгүн сьезддин чечими боюнча саат 8де жумушка чыктым. 30-декабрда келип, Мирбек Асанакуновго кезигип, сүйлөшөлү дегенбиз. Анан бүгүн келсем, кое бербей толтура аялдар жана башка профсоюзга тиешеси жок кишилер деле киргизбей, чаң-тополоң жасашты. Өзүңөр билесиңер мени 25-декабрда шайлашкан. Андан бери келип Мирбекке айткам, чогуу чечели деп. Ошого келсем, жумуш ордума киргизбей койду", деп айткандарын угууга болот.