Интернетке ырчылар Алмаз Шаадаев менен Кызсайкал Кабылованын сахнада жаш жубайлардын образын жараткан сүрөтү тарады. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары "экөө чын эле үйлөнүштүбү?", "бактылуу болушсун" деп жазышса, айрымдары "кыз-жигит" деген пикирлерин калтырышууда.
Айтылып жаткан кептер боюнча Кызсайкал Кабыловага байланышканыбызда, ал буларга токтолду.
"Биздин сүрөт Жаңы жылдык концерттик программада тартылган. Анда Алмаз экөөбүз дуэт аткарып чыкканбыз, ырдап бүткөндөн кийин бизди сахнадан кетирбей баш кошуп жаткан жубайлардын образын көрсөтүп бергиле деген тапшырма берилди. Мен жоолук салынып, Алмаз калпак кийип турдук, калганын уюштуруучулар өздөрү даярдап коюшуптур. Чындыгында сөз болуп жаткандай деле эмес", - дейт ырчы.