Ак-Суу райондук соту эркек кишини бир жашар кыздын өлүмү боюнча 5 жылга шарттуу кесүү жана 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу өкүмүн чыгарды. Өкүм 2020-жылдын 16-декабрында Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.
Окуянын чоо-жайы:
Айыпталуучу Ак-Суу районунун Нововознесеновка айылында туулган, Кыргыз жараны, үй-бүлөлүү, билими орто, спорт сарайында күзөтчү болуп иштейт, мурда сот жоопкерчилигине тартылган эмес. Ага карата Кылмыш жана жаза кодексинин 135-беренеси "Шалаакылык менен өлүмгө алып келүү" боюнча кылмыш иши козголгон.
Соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алган. Ал наристе анын карамагында экенин, кичинекей кыздын атасы каза болуп, энеси Түркияга иштегени кеткенин, ымыркай алардын үйүндө жашаган убакытта бир жолу талмасы кармаганын, 9-январда бара жатып ходунокто бутун сүйрөп басып жаткандыктан бут жагына чыбык менен чапкылап койгонун, сабайын деген максатта чаппаганын айткан.
Наристе денеси тырышып баштаганда "Тез жардам" күтпөй эле ооруканага унаа менен алып келишкенде кичинекей кыздын денесиндеги көк-ала тактар болгон.
Жабырлануучу тарап кызын сураганда 3 күндөн кийин чарчап калганын айтышкан
Соттук отурумда жабырлануучу тарап небереси таекелеринде жашап жатканын, талмасы мурда жоктугун ымыркай кезинде жүрөк кемтиги аныкталып, бирок кийин дарыгерлердин айтуусу боюнча жүрөгү жакшы калыптанып калганын айтышкан. Кызды эмчектен чыксын деп энеси менен кетирип койгонун, энеси болсо аны калтырып Түркияга иштегени кетип калганын, чарчап калганы тууралуу 2020-жылдын 13-январда агасынан укканын, эмне болуп каза болуп калды деп сураганда чарчап калды деп айтышканын билдирген.
10-январда медайымдын билдирүүсүнө ылайык, 1 жаштагы кыз денесинен жаракат алып Ак-Суу райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ымыркай башынан алган оор жаракаты өлүмдүн келип чыгышына себеп болгондугу аныкталган.
Соттун өкүмү 16-декабрда жарыяланды
Негизи Жазык кодексинин 135-беренесини боюнча эркиндигинен ажыратууга (эки жыл алты айдан беш жылга чейин) жазаланат. Ушул жана башка жогорудагы көрсөтмөнүн негизинде сот өкүм чыгарды.
Айыпталуучу Жазык кодексинин 135-беренеси боюнча күнөөлүү деп табылсын, ал боюнча 5 (беш) жылга эркиндигинен ажыратылсын, Жазык кодексинин 83-беренесинин негизинде жазадан бошотулуп 3 жыл пробациялык көзөмөл колдонулсун, ал боюнча 20 миң сом айып пул салынсын.