Чүй облустук милициясы жансыз денеси табылган эркек кишинин аты-жөнүн табууга жардам сурайт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 23-октябрь күнү Сокулук РИИБине аймактык ооруканадан белгисиз жаран аракка ууланып, эсине келбей каза болгону боюнча маалымат келип түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Өзгөчө белгилери: Арык дене түзүлүштө, чачы кара, алдыңкы жана астыңкы тиштери сары металлдан жасалган. Белинде 4-5 сантиметр болгон күйүктөн калган тагы бар.
Кийип жүргөн кийимдери: Спорттук шым, кара түстөгү кофта, көк түстөгү футболка.
Кимде ким бул адам жөнүндө маалымат билсе төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0312 60-75-67, 0558 86-14-86 же 102.