Бүгүн, 4-январда Талас облусунун Кызыл-Адыр айылындагы "Шаурма City" тез тамактануучу жайынан газ баллон жарылып, өрт чыкты. ӨКМнын маалыматына ылайык, өрт саат 15:28де чектөөгө алынып, саат 16:52де толук өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө бир өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
ӨКМнын басма сөз кызматынан өрттүн кесепетинен 11 адам ар кандай даражадагы күйүк жаракат алышып, Кара-Буура райондук ооруканасына "Тез жардам" кызматы аркылуу жеткирилди. Анын төртөө оор абалда экени айтылды. Өрттү өчүрүүгө бир өрт өчүрүү бөлүм тартылган.