Милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкекте жасалма мамлекеттик номер тагып айдап жүргөн айдоочуну кармады

Милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкекте жасалма мамлекеттик номер тагып айдап жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

2021-жылдын 4-январь күнү милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып болжол менен саат 10:30 чамасында Фучик жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежесин бузган БМВ үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Текшерүү учурунда Ж.Э. аттуу айдоочу автоунаасынын мамлекеттик номерин жасалма номер менен алмаштырып айдап жүргөндүгү аныктаган.

Бул факты боюнча унаа айып короосуна токтотулуп, ал эми айдоочу Биринчи Май РИИБинин тергөө тобуна өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан