Куудул жана телеалпаруучу Гүлжайна Атаканова кош бойлуу экенин ачыктады. Буга чейин анын наристе күтүп жатканы айтылып, куудул айым бул кепке азырынча эч кандай комментарий берүүгө даяр эмес экенин айткан.
Кийинчерээк, Гүлжайна Атаканова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кош бойлуу экенин коомчулукка айтып чыкты.
"Үй-бүлөм жөнүндө эч нерсе айтпайм, ал менин жашоом. Бул жаңылык көптөрдү кызыктырып жүргөнүн билем. Бирок калп, чынын биле албай, так жооп ала албай жүргөндөр өтө көп. Ооба, сүйүнчү, кош бойлуумун. Кубанычымда чек жок. 5 ай болгончо ичимди жашырып келдим. Бирок курсагың чоңойгон сайын жашыра деле албай калат экенсиң.
Кызым чоңоюп калды, наристенин жытын сагынып балалуу болоюн деп аракет кылгам", - дейт ал.
Гүлжайна айым курсактагы наристеге 5 айдан ашканын кошумчалады.