11 адам жаракат алган Таластагы тез тамактануучу жайдан чыккан өрт: Кырсыктын себеби айтылды

Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылында “Шаурма сити” тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 11 адам күйүк алышкан.

ӨКМнын маалыматына ылайык, базардын жанында жайгашкан "Шаурма сити" жайы, эт, уюлдук телефон саткан дүкөн жана чач тарач күйгөн. Өрттүн аянты болжол менен 140 чарчы метрды түздү.

"Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм, медициналык "Тез жардам" кызматынан 1 бригада тартылган. Өрттүн себеби газ баллонду колдонуудагы өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. Учурда келтирилген материалдык чыгымы такталууда", - дешти мекемеден.

4-январда саат 14:53тө Кызыл-Адыр айылынын Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү базардын жанында “Шаурма сити” тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, өрт чыккан. Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:28де чектөөгө алынып, саат 16:52де толук өчүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан