"Керемет Банк" тарабынан чыгарылган "Элкарт-NFC" контактсыз карталарынын талашсыз артыкчылыктарына баа бериңиздер

"Керемет Банк" NFC технологиясынын базасында, орнотулган контактсыз төлөмдөр функциясы "Элкарт" улуттук тутумунун карталарын эмитирлей баштады.


NFC (Near Field Communication "жакынкы контактсыз байланыш" сыяктуу которулат) – маалыматтарды жоготуу же алардын кармалып калуу коркунучу жок, 10 см чейинки аралыкта атайын окуу терминалы аркылуу төлөм картасы менен маалыматтарды контактсыз алмашуу технологиясы – карттын номерлериндеги маалыматтар санариптелген видеодо жана башка жерде колдонулбайт.

Контактсыз технология сатып алууларды аралыктан туруп жана максималдуу тез арымда – картаны башка бирөөгө бербестен жүзөгө ашыра алат. Ирмем ичинде төлөөнү жүзөгө ашыруу үчүн "Элкарт-NFC" банктык картасы жөн гана PIN-кодду киргизбестен туруп кассадагы окуй турган жабдууга жакындатуу жетиштүү болот. Эгерде төлөм суммасы 1000 сомдон ашып кете турган болсо анда коопсуздук максаттарды PIN-кодду киргизүүгө туура келет. Андан кийин сатуучу картанын ээси үчүн төлөм дүмүрчөгүн (чекти) чыгарып берет.

Кыргызстанда контактсыз эмес терминалдар ири соода түйүндөрүндө, маркеттерде жана тейлөө жайларында орун алган. Эгерде контактсыз төлөөнү кабыл алуу жабдуусу жок болгон учурда "Элкарт-NFC" карты менен стандарттык негизде – кадимки POS-терминал аркылуу төлөөнү жүзөгө ашырууга болот.

Ошондой эле аталган картанын жардамы менен башка өнөктөш төлөм тутумдарынын – Армения Республикасынын "АрКа", Беларусь Республикасынын "БЕЛКАРТ2 (жакынкы аралыкта Өзбекстандын "UzCard", Тажикистандын "Корти Милли", Абхазия Республикасынын "АПРА") өнөктөштөрүнүн банкоматтарынан накталай акчаны алуу, сатып алууларды төлөө жана POS-терминалдарындагы кызматтарды көрсөтүүнү аткара алышат. Жакынкы мерчемдерде "Мир" тармагынын өнөктөш-банктарын жана башка өлкөлөрдүн тутумдарын тейлөө географиясын кеңейтүү маселеси турат.

"Элкарт-NFC" карттарын чыгаруу жана тейлөө жана банктын башка кызматтары тууралуу маалыматтарды "Керемет Банк" ААКсынын 0 (312)55-44-44 телефону аркылуу күнү-түнү иштеген контакт-борборуна чалып же (0 557) 55 44 44 – WhatsApp номеринен же банктын расмий сайтынан тактай аласыздар.

“Керемет Банк” тарабынан чыгарылган "Элкарт-NFC2 контактсыз карталарынын артыкчылыктарына баа бериңиздер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан