Ысык-Көлдө 13 жашар балага сексуалдык ыдык көрсөткөн жаран 13 жылга эркинен ажыратылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук соту 13 жаштагы өспүрүмгө сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 13 жылга эркинен ажыратты. Аталган өкүм Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.

Анда белгиленгендей, айыпталуучу К.Ш. Ак-Суу районунун айылдарынын биринде туулган, үй-бүлөсү менен ажырашкан, билими орто, эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес.

Окуянын чоо-жайы:

Окуя 2020-жылдын 27-28-февралына караган түнү токойдо болгон. Анда 13 жаштагы балага карата айыпталуучу сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасаган. Тактап айтканда, баланын оозуна К.Ш. жыныстык мүчөсүн салып жана аналдык тешигине жыгач киргизип жаткан жеринен өспүрүмдүн атасы көрүп калган. Бул ишке карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анда бала жаракат алганы аныкталган.

Айыпталуучунун көрсөтмөсү

Айыпталуучу сотто күнөөнү моюнуна алган эмес. Ал ошол күнү мас абалда болгонун, туугандарынын уулу үйлөнүп, мал боюнча сүйлөшкөнү бара жатып, өспүрүм жолдон чуркап келип арабага өзү отуруп алганын айткан. Ошондой эле ал баланы сабабаганын, зордуктабаганын жана күнөөсүн ашкерелей турган далил жок болгондуктан актоону суранган.

Жабырлануучу өспүрүмдүн көрсөтмөсү

"Өспүрүм педагогдордун жардамы менен суракка алынганда шектүү менен кечке чогуу жүргөнүн, түн киргенде айыпталуучу аны муштуму менен бетке чаап, шымын жана ич кийимин чечип жыныстык мүчөсүн оозуна салганын, ошол учурда ал жерге атасы жана байкеси келип калганын айткан".

13 жашар баланын атасынын көрсөтмөсү

"Балам машыгууга кетип, үйгө келчү убактысынан кечиге баштады. Болжол менен саат 20:00 чамасында издеп чыктым. Айылдаштар баламды айыпталуучу К.Ш. арабасына салып, башка айылга кетишкенин уктум. Ал ортодо баламды алып келүү үчүн дагы телефон чалдырттым. Ал ортодо үйгө балам келип калгандыр деп келдим, бирок саат түнкү он эки болсо дагы келе элек экен. Кайра кошунанын унаасы менен издеп чыгып, арабанын изин кубалап барып уулумду таптык. Барсам уулумдун шымы жана ич кийими чечилип, анын үстүндө айыпталуучу шымы жана ич кийими жок турган. Шектүү бизди көрө калып "силер кимсиңер?" деп сурады. Фонариктин жарыгын көргөндө баланы кыйкырба деп бир жолу чаап жиберди. Уулум түкүрүнүп, анын оозуна жыныстык мүчөсүн салганын айтты. Ал учурда айыпталуучу качып кеткен. Эртеси милиция кызматкерлери келип, аталган жерден камчы табышты", - деп айтып берген.

Өспүрүмдүн атасы соттон айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну суранган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Nursultan2508
2021-01-06 01:03:08
Тооба кылдым, ушундай айбандар кантип жер устундо басып журот.
+9
akmanai
2021-01-06 01:06:50
Кудайга тообо!
+6
al-abu-kinesz
2021-01-06 01:18:22
Сука ушундай тварьларды асып салган адам соопко калат. Сага он уч жыл бою сени да так ушундай кылышы да аздык кылат! Он уч жылдан кийин туберкулез, инвалид, гей болуп чыкканда тиги оспурум чоноюп озундун кочугуно казык какса экен.
+6
Aimani
2021-01-06 01:23:41
Өмүр бою бериш керек эле
+5
KaGaH
2021-01-06 03:58:28
Зонада тоок болот
+4
nazira...
2021-01-06 07:52:23
Кыргыз бекен, тооба кандай жашоодо жашап жатабыз. Мындан ары буга окшогондорду жок кылыш керек. Балдарыбыздын бактылуу күндөрүн көрөлү.
+4
NURSAPAR
2021-01-06 09:10:44
Өлүм жазасын киргизиш керек мындай эшектердин жашоого акысы жок.
+5
Nursul
2021-01-07 13:07:56
Тообо, жер жутуп кетким.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан