Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылында “Шаурма сити” тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 11 адам күйүк алышкан.
Бул өрт кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталды. Маалыматты Талас ОИИБинин маалымат кызматынан бүгүн, 6-январда кабарлашты.
Эске салсак, 4-январда саат 14:53тө Кызыл-Адыр айылынын Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү базардын жанында “Шаурма сити” тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, өрт чыккан. Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:28де чектөөгө алынып, саат 16:52де толук өчүрүлгөн.