"Бычак менен коркутуп, акча жана баалуу буюмдарды алып кетишкен". Баткенде кылмыш изи сууй электе каракчылык кылгандар кармалды

Баткенде кылмыш изи сууй электе каракчылык кылгандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-январда түн ичинде Кызыл-Кыя шаарындагы 39 жаштагы аял кишинин үйүнө колдоруна медициналык кол кап кийген, бет капчан 2 белгисиз жаран кирип, ашкана бычак менен коркутуп, анын колу-бутун байлап, эркине каршы күч колдонуп, үйүндөгү 100 миң сом акчасын жана баалуу алтын буюмдарын алышып, из жашырып кетишкен.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене "каракчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Кызыл-Кыя ШИИБинин милиция кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмыштын изи сууй электе 6-январь күнү Кызыл-Кыя шаарынан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун жашоочусу 31 жаштагы К.Н. жана Ноокат районунун жашоочусу 32 жаштагы Р.Р. жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу 26 жаштагы Н.А. кармалышты. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган 2 жаран мурда оор беренелер менен соттолгондугу аныкталды", - деп жазылат маалыматта.

Учурда кармалган шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан