Евразиялык экономикалык биримдиктин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келген автотранспорт каражаты кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
"ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү жана чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери “Достук” өткөрмө пунктунда 2008-жылы өндүрүштөн чыгарылган “Hyundai Grand Starex” маркасындагы автотранспорт каражатын мыйзамсыз алып өтүү фактысын аныкташты.
Жогоруда көрсөтүлгөн автоунаанын кузов номери менен автоунааны каттоо күбөлүгүндөгү номер дал келбей, кармалган автоунаанын документтери жасалма болгондугу аныкталган", - деп жазылат маалыматта.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилгени маалым болду.