"Тарыхый жайдын ордуна көп кабаттуу үй курушмак". УКМК "Эркин-Тоо" боюнча иш козгоду

УКМК "Эркин-Тоо" боюнча иш козгоду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып "Эркин-Тоо" ачык акционердик коомунун акционерлери жана курулуш компаниясы менен сүйлөшүп, аталган тарыхый жайдын ордуна үй куруу максатын көздөгөн.

Буга чейин 2002-жылы өкмөт өзүнүн токтому менен гезит жана китеп басып чыгарган "Эркин-Тоо" басмаканасынын имаратын мамлекеттик маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесине киргизген. Аталган имарат мурдагы басма үйүндө, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында 163-аткычтар бригадасында түптөлгөн. Азыр имарат Бишкектин борбордук Тыныстанов, Киев көчөлөрүнүн, Чүй, Эркиндик проспектилеринин кесилишинде жайгашкан.

Кийин "Эркин-Тоо" тарыхый жана маданий эстелиги деген тизмеден мыйзамсыз чыгарылгандыгы аныкталган. Ал сүйлөшүү 2015-жылы болгондугу айтылды.

"2015-жылы "Эркин-Тоо" ачык акционердик коомунун акционерлери Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жооптуу кызматкерлери жана курулуш компаниясынын бири менен сүйлөшүп алып, тарыхый жай турган жерге көп кабаттуу үй курууну сүйлөшкөн. Алар мындан пайда табууну көздөгөн. Гезит жана китеп басып чыгарган "Эркин-Тоо" ишканасынын имаратын тарыхый жайлардын тизмесинен чыгарууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын илимий-техникалык жактан тиешелүү экспертизасы жүргүзүлгөн эмес. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамга ылайык, мурас катары каралган имаратты түрттүрүү, кайра куруп чыгуу жана объектини өзгөртүү кыргыз өкмөтүнүн уруксаты менен гана жүргүзүлүшү керек", - деп айтылат маалыматта.

Учурда "Эркин-Тоо" басмаканасын тарыхый-маданий мурастардын тизмесине кайра кайтаруу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан