Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өлкөдө сулуулар сынагын уюштуруп келе жаткан Рыскүл Намазбекованы төш белги менен сыйлады. Төш белги маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн деп берилди. Сыйлык бүгүн, 6-январда тапшырылганын Рыскүл айым билдирди.
Белгилүү болгондой, Рыскүл Намазбековага "Маданияттын мыкты кызматкери" деген төш белги Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан ыйгарылды.
Рыскүл айым 2014-жылдан бери "Кыргызстан сулуусу", "Бишкек сулуусу" жана башка сулуулук сынактарын уюштуруп келет. Сынактын жеңүүчүлөрүнүн арасында моделдик кесипти аркалап, белгилүү болгондордун арасында Бегимай Карыбекова бар. Ал "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагында таажы тагынган.
"Кыргызстан сулуусу-2020" сынагында Лазат Нуркожоева жеңүүчү болду. Ал президенттик кызматка талапкер болуп жаткан Садыр Жапаровдун иниси Давлет Жапаровдун кызы.