Бишкекте милициянын кайгуул кызматы үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө жардам көрсөттү

Милициянын кайгуул кызматкерлери күйүп жаткан өрттү өчүрүүгө жардам көрсөттү. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып болжол менен саат 14:00 чамасында Көлмө конушунун үйлөрүнүн биринде калың түтүндүү өрт күйүп жаткандыгын көрүшкөн.

Ошол замат түтүн чыгып жаткан дарекке келген учурда алоолонуп күйүп жаткан үйдү көрүшкөн. Кайгуул кызматкерлери кошумча кызматтарды чакыруу менен бирдикте, алар келгенге чейин үйдүн эшигин, терезесин сындырып кирип, ичинде калган жарандарды сыртка эвакуациялоого жетишкен. Ошол эле учурда өрттүн андан ары уланып кетпөөсүн алдын-алуу максатында өрттү өчүрүүгө болгон аракетин көрүшкөн. Көп өтпөй тийиштүү кызматтар келишкендиги жазылат маалыматта.

Азыркы учурда өрттү өчүрүү жана келип чыгуу себептери такталып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан