Жалал-Абадда 17 жылга эркинен ажыратылган күйөөсүнө акча каражатын алып кирүүгө аракет кылган аял кармалды

Жалал-Абад шаарындагы №10-мекемеде жаза өтөп жаткан күйөөсүнө акча каражатын катып алып кирүүгө аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

2021-жылдын 5-январында саат 12:25 чамасында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад шаарында жайгашкан 10-мекемесинде 17 жылга эркинен ажыратылып, мөөнөтүн өтөп жаткан 31 жаштагы кылмышкердин жарандык никедеги аялы мекеме жетекчисинен жолдошуна 4 саатка, кыска мөөнөттүү жолугушууга кирүүгө уруксат сурап кайрылган.

Ал мекеменин текшерип өткөрүү жайына телефонун жана 70 сом акча каражатын таштап, жолугушууга кирип бара жаткан жерден мекеменин тинтүү бөлмөсүнөн курткасынын ичине бекитип, коюнуна катылган кара түстөгү баштыктан 40 миң рубль жана 1300 сом акча каражаты табылган.

Бул факты боюнча маалыматтар журналга катоого алынып, ЖАМКнын тергөөчүсүнө өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн факты боюнча сотко чейинки териштирүү жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
munduz2016
2021-01-06 15:56:05
Ичкериге акчанын кереги жок да.
+4
Chungyz
2021-01-06 17:07:48
Кыргызстандын бюджетинде жок акчалар ошол жактан чыгат
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан