Чүйдүн Сокулук районунда эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
2020-жылдын 30-декабрь күнү саат 09:50 чамасында Сокулук РИИБине Шопоков шаарында эркек кишинин жансыз дене табылганы боюнча билдирүү түшкөн. Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу аталган жерге барышкан. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгы азыркы учурда чыга элек.
Жансыз денеге алгачкы кароо жүргүзгөндө ал башынан жаракат алганы аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ал эми маркум 20 жаштагы жергиликтүү Х.С. аттуу тургун болуп чыккан. Сокулук РИИБи аталган жагдайды териштирип жатат. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.