Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын жаш таланттарынан турган "Youth Harmony" аттуу триосу Виктор Цойдун "Перемен" деген чыгармасын аткарып чыкты. Жаш таланттар каверге клип тарттырууга да үлгүрүшкөн.
Топтун эмгеги 1 күн мурда Ютубга жарыяланып, дээрлик мактоо сөздөрү айтылып, таасирленткени жазылууда.
Чыгарманы аткаруучулар - Сезим Төлөбекова, Бактыгүл Керимова жана Нурсултан Бектурсунов. Топтун ырчылары бул музыка адамдардын жүрөгүн ачып, кайра ойлонууга өбөлгө түзөрүнөн үмүт кылышарын айтышат.