Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-январь күнү болжол менен саат 2:40 чамасында “102” кызматына Чүй жана Павлов көчөлөрүнүн кесилишинде уюлдук телефонду тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.
"Айтылган дарекке кызматкерлер келип, маалыматты тактаганда 2003-жылы туулган Н.У. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен болжол менен саат 2:30 чамасында белгисиз жарандар келип ачык түрдө күч колдонуп телефонун тартып алган. Андан ары белгисиз тарапка качып кетишкен. Ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган И.Б. жана А.Ы. аттуу жарандар кармалып, Ленин райондук тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган", - деп жазылат маалыматта.