Чүйдүн Ысык-Ата районунда телефон уурдоого шектелип 60 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, өткөн жылдын сентябрь айынын аягында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылган. Анда жарандын Кант шаарындагы соода жайларынын биринен баасы 20 миң сомдон жогору турган телефонун белгисиз бирөөлөр уурдап кеткен. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
"Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы телефон уурдоого шектелип, 60 жаштагы С.Г. аттуу аял кармалган. Териштирүү учурунда кылмышка шектүү аялдын дагы бир телефон уурдоо фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.