Куудулдар Рахман Разыков, Абдылда Иманкулов жана Нарынбек Молдобаев Оштогу "Оңолмок элек биз качан, ортодо турса үч пахан" деген концертинен улам УКМКнын аталган аймактагы башкармалыгына чакырылышты. Тагыраагы, куудулдардын "Үч пахан" деген тамашасы суракка барууга себеп болгон. Бул тууралуу сатирик Рахман мырза билдирип, буларга токтолду.

"Программаны мен түзөм. Үчөөбүздүн концертибиз 1-5-январь аралыгында Ошто болду. Концерттин биринчи күнүн Ош ТВ телеканалы эфирден кетирбей койду. Эртеси күнү эле үчөөбүздү башкармалыкка чакырышты. Барганыбызда концерттик программадан "Үч пахан" деген интермедияны алып салуубузду айтышты. Эмнеге дегенибизде "тамашада талапкердин беделени шек келтирген учурлар бар" дешти. Концерт бүткөндө 12-13 жаш чамасындагы баланы ата-энеси алып келишти. Өспүрүм "Үч пахан" деген тамашаны эмнеге койбой койдуңар, мен ошону көрмөкмүн" деп ыйлап алыптыр. Ага кантип түшүндүрөсүң?
Мен пахан деп конкреттүү бир адамды айткан жокмун, ал жерде пахан деген үчөөбүз деп түшүндүрдүм. Интермедиядагы "лампочкам, фигураңыз жакшы экен" жана башка сөздөр эл арасында айтылып жатат да. Бул жерде бардык талапкерлерге карата айтылган сөздөр колдонулган. Бирок талап коюлуп, программадан ал тамашабызды чийдик. Оштогу концертибиз бүтүп, Жалал-Абадга барганыбызда ал жактан облустук штаб иш-чара өткөргөнгө болбойт деп театрдын эшигин ачпай койду. Облустун алыскы, жакынкы аймактарынан келген көрүүчүлөр көчөдө калды, билет сатып алышкан деп ресторан таап, сүйлөштүк. Баасын келишип, элди киргизели деп жатканыбызда тойкананын ээси телефон чалып, өткөргөнгө болбойт деди. Акчасын төлөп жатам, эл күтүп турат дегенимде "мага тынч жашоо керек" деди.
Билет алган эл бизди жаман көрүп "эмнеге концерт койбойсуңар билет саткандан кийин" дешти. Бирибиз Бишкектен, бирибиз Оштон атайын барып концерт койбой коймок белек", - дейт куудул.
Ошондой эле Рахман Разыков мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековдун учурунда деле концерт койгонун, анда мындай бут тосуулар болбогонун кошумчалады.
Социалдык тармакка концерттин монтаждалган афишасы тараган. Анда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдун сүрөттөрү коюлуп, концерттин аталышы жазылган.
"Афишадагы сүрөттүн монтаждалганы көрүнүп турат. Талапкерлердин беделине шек келтирилип жаткан болсо УКМК ушул сүрөттү жасап, тараткандарды тапса болмок", - деди куудул.
УКМК куудулдардын суракка чакыртылышы боюнча комментарий бере элек.
(Сахнада илинип турган афиша монтаждалган)