УКМК Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаевди кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-январь күнү УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаев кармалган.
"Шектүү айыл башчы Киров айылындагы 720 окуучуга ылайыкташтырылган орто мектептин курулушу учурунда аткарылган жумуштардын көлөмүн жалпысынан 24 миллион сомдон ашык көрсөткөн. Ошондой эле ал башка жооптуу адамдар менен биргеликте сапатсыз бүтүрүлгөн мектепти пайдаланууга беришкен деп шектелүүдө. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 2020-жылдын 18-ноябрында УКМК Кара-Суу районунун Савай айылынын башчысы Мунарбек Сайпидинов менен Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаевдин үйүн тинтүүгө алган. УКМКнын маалыматына ылайык, өкмөт башчыларынын үйүндө тинтүү соттун санкциясынын негизинде жүргүзүлгөн.
Окуядан соң Мунарбек Сайпидинов туугандарына жана Турганбаевдин апасына орой мамиле жасалды деп УКМКнын кызматкерлерин айыптап, Камчыбек Ташиевге видеокайрылуу жасаган.