Бүгүн, 7-январда ири алдамчылыкка шектелип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Финполдун кызматкерлери тарабынан 600 миң АКШ доллары өлчөмүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип, А.Д аттуу жаран кармалып, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Тергөө иштерине белгилүү болгондой, жогоруда аталган адам буга чейин бир нече жолу алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо боюнча сот жообуна тартылган. Жогорудагы адамдан жапа чеккендер болсо Манас пр., 101/1 дарегиндеги Финполго кайрылса болот.