Вебкам болуп иштөөгө макулдашышкан. Бишкекте өспүрүм кыз жигитин зордуктады деп айыптаган окуяга сот чечим чыгарды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту жашы жете элек кызды зордуктаган жаранга чечим чыгарды. Анда айыпталуучуга жашы жете элек өспүрүм кызды күч колдонуп зордуктап, мыкаачылык менен сабап, денесине жаракат келтирген деген айып тагылган. Соттук териштирүүдө айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Мындай чечим Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.

Аталган факты боюнча айыпталуучунун берген көрсөтмөсү

"2019-жылдын октябрь айында жабырлануучу кыз менен ВКонтакте социалдык түйүнү аркылуу таанышып, жолукканбыз. Биринчи жолу таанышканда эле ал мага паспортун көрсөтүш керек болчу. Себеби биз интернет аркылуу аялуу жерин онлайн көрсөткөн жумушта иштегенге макулдашканбыз. Чогуу иштеп жүрүп, өзүнчө мамилеге өтүп, үйлөнөбүз деп жүргөнбүз. Бирок ал "вебкамда" иштегенимди токтотом деп убада берген. Чогуу батирди ижарага алып жашап жүргөндө кез-кезде урушуп, кайра табышып алчубуз. 2019-жылдын декабрь айында мен анын 18 жашка чыга электигин билдим. Бирок экөөбүз үйлөнөбүз деп чечкендиктен бирге жашап, өз каалообуз менен жыныстык катнашка барчубуз.

2020-жылдын 13-июль күнү биз уруша кеттик. Анан ал батирден буюмдарын алып кетип калды. Андан соң эртеси кайра үйгө келди. Биз алгач жакшы эле сүйлөшүп отурганбыз, мен арак ичтим. Ал ортодо биз дагы 3 жолу жыныстык катнашта болдук. Ошондо ал мага сенден балалуу болгум келет деп айткан. Мен арак ичип отурганда бөтөлкөнү тартып алды, мен аны алам деп көзгө уруп алдым.

Мен кызды сабаганым чын. Себеби мени менен сүйлөшпөй калган 1 аптада 2-3 эркек менен жаман ишке барганын мага курбусу айтып берди. Мен мындан улам аны кызганып, эки жолу баш тарабына чапкам, бир жолу көзүнө муштап, ич тарабына эки-үч жолу тепкем. Бирок аны зордуктаган эмесмин. Сотко чейинки өндүрүш учурунда мени ыкчам кызматкерлер сабап, күнөөнү моюнга алдырып коюшкан. Мен милиция кызматкерлерине карата арызданганга мүмкүнчүлүк болгон эмес, эртеси мени сот камакка алды. Ал эми мени сабаган кызматкер болсо көптөн бери бул кызды тааныйт экен. Мен акыйкат чечим чыгарып берүүнү соттон суранам деген", - айыпталуучу.

Жабырлануучу өспүрүм кыздын көрсөтмөсү

"Мен бул бала менен 2019-жылдын октябрь же ноябрь айында таанышкам. Алгач таанышканда 18 жашка толдум деп бөлөмдүн паспортун көрсөтүп койгом. Андан кийин экөөбүз чогуу "вебкамда" иштөөнү чечкенбиз. Кийин ал телефонумду чукулап жатып жашымды билип алган. Андан кийин үйлөнөбүз деп жүргөнбүз. Ал арада биз "вебкам" студияда чогуу иштеп жүрүп, кийин өзүм иштеп экөөбүздү багып жүрдүм. Ортобузда кийин уруш чыга баштап, мен башка бала менен сүйлөшө баштагам. Анда дагы кызганып, бетиме тамеки басып, желим бөтөлкө менен урган. Аны апам билип урушуп, кайра кечирим сурашып жашап калганбыз.

2020-жылдын 13-июль күнү батирге келгенимдин себеби ал мага "колума ийне саям" деп сүрөт жөнөтүп коркутуп батирге чакырды. Буга чейин дагы мени коркутуп келген. Башында чыр-чатаксыз эле сүйлөшүп отурганбыз, ал мас абалда болчу, андан кийин дагы арак ичип жатты. Өзүнүн телефонун сындырып салып, меникин тартып алды. Ошол жерден классташ балам менен сүйлөшкөнүмдү көрүп алып кызганычтан улам мени аябай сабап салды. Качууга аракет кылып сыртка чыксам, кошуналарым дагы жардам берген жок. Кайра мени чачымдан сүйрөп келип сабады. Андан соң мени зордуктамакчы болду. Мен ага 12 жана 15 жашымда зордукталганымды айтып, ага каршылык көрсөтсөм дагы болбой зордуктап салды.

Ал жаман ишин кылып бүткөн соң мени кетирип жиберди. Жолдо келе жатып атама телефон чалып, окуяны айтып бердим. Атам тааныштар менен акылдашып милицияга арыз жаздык", - деп жазылат кыздын көрсөтмөсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Romantik.
2021-01-08 01:36:53
кыз Айшакан турбайбы, ата энеси күнөөлүү туура тарбия бербегени үчүн
+22
Talant22
2021-01-08 02:11:31
Куноо кызда турбайбы суйлогонуго караганда
+19
JaneEr
2021-01-08 05:44:33
Айиий тобоо...Кызда куноо бар экен...
+17
nazira...
2021-01-08 08:18:39
Неге ата энеси 18ге чыгып чыга элек кызына уруксат.берет харам жашаганга. Тооба, бу не деген ата эне. 12 жашында бузулган болсо. Кудайым сактаа, ыйман бееер жараткандарына.
+8
Dolbooruwka
2021-01-08 08:22:36
Кызда куноо деп эле сабаш керекпи эмне кызыксынар го баарынар!
-9
nurik73
2021-01-08 09:40:16
Бул жерде биринчи кезекте ата энелер куноолуу. он сегизге чыга элек кызы эмне кылып жургонун билиш керек болчу. Баланын да албетте куноосу бар бирок эмоцияга алдырбаш керек болчу.
+2
Asanali
2021-01-08 13:47:36
Арам акча менен кантип бала- чаканардын курсагын тойгузуп жатасынар?
0
kamchatka
2021-01-08 17:00:29
Вебкамда иштедим деп ачыгын элене айтып калыптырго ушунчалык уят кетиби бизден астагфирулла
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан