Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 75 жаштагы жарандын денеси суукка тоңуп калган абалда табылды

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан 75 жаштагы Куват Айдаров суукка тоңуп калган абалда табылды. Бул тууралуу коомдук коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү билдиришти.

Буга чейин Биринчи Май районундагы батыш автобекетинин жанындагы үйдөн 6-январь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында улгайган эркек киши чыгып кеткени айтылган. Жакындарынын айтымында, Айдаровдун
ден соолугуна байланыштуу эс тутуму начар болгон. Маркум ошол күнү үйдөгү кийими менен көчөгө чыгып кеткен.
Бүгүн, 7-январда эркек кишинин жансыз денеси суукка тоңуп калган абалда табылган. "Кайдыгерликтин курмандыгы болгон Айдаров дайынсыз болуп жаткан учурда бир нече адам менен сүйлөшкөн. Бирок анын сүйлөө речи начар болгондуктан аны мас киши деп ойлошкон. Натыйжада эс тутуму начар
Айдаров үйүнүн дарегин таба албай, суукка тоңуп каза болгон", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nur777
2021-01-08 00:33:44
Ото окунучтуу,жаткан жери жайлуу болсун атанын...
0
munduz2016
2021-01-08 09:51:43
Аллах сабыр берсин жакындарына.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан